Биз менен байланышыңыз

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги жоюлат

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 528 | 0

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги жоюлат. Бул тууралуу 5-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына билдирди.

«Акча жумшалды, долбоорлор жазылды, албетте, эч ким жоопко тартылбайт», — деп жазды депутат.

Депутат Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 5-декабрдагы жыйынында ишкана түзүп, кайра жоюудагы чыгымдар үчүн эч ким жоопкерчилик албай жатканын сындады.

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, «Улуу көчмөндөр мурасы» 2022-жылы 3,4 млрд сомго каржыланган. Анын 700 млн сому өз милдеттенмелерин жабуу үчүн калат. Салык кызматына 600 млн сом — холдинг кен байлыктарды чалгындоо жана иштеп чыгүү үчүн лицензия алган. Бул сумма кайра кайтарылат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин 11,8 млн сом талабы бар. Жалпы төгүмдөр 670-680 мл. сом болот. Ал эми 20-30 млн сом кеңсенин ижарасы жана айлык акыга жумшалат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоо токтотулганын кабарлаган.

Жапаров Тенгиз Бөлтүрүк кармалгандан кийин холдингге бөлүнгөн 3,4 млрд сом каржылоо токтогонун, акча бюджетке алынганын билдирген.

«Биз «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоого 3 млрд 400 млн сом караштырганбыз. Он чакты долбоордун үстүндө иштеп жаткан. Бүгүнкү күнү Тенгиз мырзанын (Тенгиз Бөлтүрүк) кылмыш иштери козголуп, кармалганы үчүн биз финансылык каржылоону токтоттук. Акчанын баарын бюджетке алып жатабыз» , — деди Акылбек Жапаров.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

Ал Бишкек шаардык сотунун чечими менен Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылган.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин тагдыры кандай болот?

Copyright © 2017 Maral FM