Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Кыргызстан-Өзбекстан» бизнес форуму өтөт

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 374 | 0

Бишкекте 9-декабрь күнү «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, форум айыл чарба, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Мекеме билдиргендей, делегациянын курамын эске алуу менен ата мекендик ишкерлерге Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн арасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM