Биз менен байланышыңыз

Түркиянын Дүзже шаарында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 386 | 0

Түркиянын батышындагы Дүзже шаарына жакын жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө Стамбул менен борбор калаа Анкарада да сезилгендей күчтүү болду. Түркиянын табигый кырсыктар боюнча агенттиги бул жаратылыш кырсыгында кеминде 35 киши жаракат алганын билдирди.

Жер титирөөнүн тереңдиги болжол менен 2 кмден 10 чакырымга чейин жеткени айтылууда. Аймакта электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Бул жер титирөөдөн 20 мүнөт өтпөй, күчү  4,7 баллдык зилзала кайра катталган.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу каза болгондор тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Дүзжеде 1999-жылы 7,2 баллдык жер титирөө болуп, кеминде 845 киши каза болгон. Шаар мэри жергиликтүү маалымат каражаттарына 1999-жылдагы жер титирөөдөн бери Дүзжедеги имараттардын 80%ы кайра курулганын билдирген.

Которгон Айдай Бакытбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM