Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысын кабыл алды

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 176 | 0

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Анда коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сергей Нарышкиндин Кыргызгызстанга сапары жемиштүү болоруна, ал эми эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жетишилген макулдашуулар ар дайым стратегиялык мүнөзү, өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келген кыргыз-орус мамилелеринин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт.

Сергей Нарышкин Садыр Жапаровго Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирди.

Эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM