Биз менен байланышыңыз

Таласта УКМКнын жаңы имараты ачылды

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 367 | 0

21-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттеттин Талас облусунун башкы башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды.

Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле ошондой улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Атайын кызматтын жаңы имараты керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалганы айтылды. Ташиев Кыргызстандын бардык аймактарында УКМК кызматкерлери үчүн шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты курулду

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM