Биз менен байланышыңыз

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 311 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борбору 22-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Бишкекте 22-ноябрда жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +9…+11 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM