Биз менен байланышыңыз

Жарандар микрокредитти эң көп күнүмдүк чыгымдары үчүн алышат

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 321 | 0

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында микрокаржы берүүчү уюмдар тарабынан 28,5 млрд сом насыя берилди. Аны алгандардын саны 476 миң адамдан ашты.

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын 9 айына салыштырганда 2,9%га кыскарды, ал эми берилген насыяныны көлөмү тескерисинче 4%га өстү. Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарына, Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет.

Майда насыяны жарандар эң көп күнүмдүк чыгымдары үчүн алышат.

2022-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 47%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына,

24%га жакыны айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,

11%ы  соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө

7%ы курулушка багытталды.

2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6% — айыл чарбасына, 28,2% — керектөөгө, 10,4% — соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1% — курулушка берилген.

Быйыл тогуз айда микрокредиттерди белгиленген мөөнөтүндө кайтаруунун деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM