Биз менен байланышыңыз

Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 479 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 21-ноябрдагы токтомуна ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды.

Бул тууралуу соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Исаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалууда.

Канат Исаев 23-октябрда кармалган. Ага карата мурдагы бөгөт чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасына өзгөртүлгөн.

2017-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоонун алдында Канат Исаевге бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM