Биз менен байланышыңыз

Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2022 | 388 | 0

Казакстанда президенттик шайлоо башталып, өлкө боюнча шайлоо участкалары ачылды. Мамлекет башчылыгына алты талапкер ат салышууда:

-«Кесиптик социалдык кызматкерлердин улуттук альянсы» республикалык коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн Каракат Абден.

Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Нурлан Ауесбаев,

-Жигули Дайрабаев «Ауыл» элдик-демократиялык патриоттук партиясынан.

-«Аманат» кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен

-«Казак энелери-салка жол» коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн Салтанат Турсынбекова.

Ошондой эле учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев да ат салышууда.

Өлкөнүн БШКсынын расмий бюллетенинде Токаев “бир катар республикалык коомдук бирикмелерден” талапкер катары көрсөтүлгөнү айтылат. Токаев эч бир партиянын мүчөсү эмес, октябрь айында Казакстандын Улуттук волонтердук тармагы жана өлкөнүн Жарандык альянсы тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөн.

Быйылкы президенттик шайлоонун бюллетендеринде “Баарына каршы” графасы киргизилген.

Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка 21-сентябрда кол койгон. Буга чейин ал өлкөнүн саясий системасын реформалаган, жаңы Конституцияга ылайык, президент жети жылга шайланат, бирок бир гана мөөнөткө шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM