Биз менен байланышыңыз

Британиянын премьер-министри Риши Сунак Украинага келди (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2022 | 268 | 0

Британиянын премьер-министри Риши Сунак Украинанын Киев шаарына келди. Ал Киевде президент Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Биргелешкен маалымат жыйынында Британиянын премьер-министри Зеленский менен Украинаны калыбына келтирүү пландары талкууланганын айтты. Ал Украинанын абадан коргонуусун чыңдоого көмөк көрсөтөөрүн убада кылып, 125 зениттик курал жана учкучсуз учактар ​​менен күрөшүү үчүн атайын техника жеткирилерин билдирди.

Владимир Зеленский жолугушуудан кийин Твиттердеги баракчасына: «Жолугушуунун жүрүшүндө биз өлкөлөрүбүз үчүн да, глобалдык коопсуздук үчүн да эң маанилүү маселелерди талкууладык», — деп жазды.

Риши Сунак Улуу Британиянын премьер-министри болуп шайлангандан кийин барган чет элдик экинчи сапары Украинага болду. 6-ноябрда ал БУУнун климаттык конференциясына катышуу үчүн Египетке барды.

Риши Сунак 45 күндүк кызматтан кийин 20-октябрда отставкага кеткен Лиз Трустун ордуна премьер-министр болгон. Ал 42 жашта. Ата теги индиялык болгон өкмөт башчы Стэнфорд, Окcфорд сыяктуу белгилүү окуу жайларда, экономика, каржы, философия жана саясий илимдер боюнча сабак алып, дүйнөдөгү эң ири каржы корпорацияларында эмгектенген.

Өзү негиздеген инвестициялык компаниянын да кирешеси өтө жогору болуп, ал британ саясатчыларынын арасында эң бай адамдардын катарына кирген.

Өкмөттүн курамына 2015-жылы келип, 2020-жылы пандемия учурунда Борис Жонсондун командасында каржы министри болуп турган. Ал ушул жылы өкмөттүн каржы саясатына каршы пикирин билдирип кызматтан кеткен болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM