Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы көчөгө Ташиевдин атасынын ысымы берилди (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 965 | 0

Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районундагы ички жолго Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атасы Кыдырша Ташиевдин ысымы ыйгарылды.

Бул тууралуу социалдык тармакта сүрөттөр жарыяланды.

Маалыматка караганда, жаңыланган жолго Кыдырша Ташиевдин ысымын берүүнү жергиликтүү тургундар сунуштаган. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жолду өз каражатынан оңдоп берген жана 8-ноябрда ачылышы болгон.

Мындан тышкары, Ташиев Жалал-Абаддагы төрт жолду оңдоого демөөрчүлүк кылганы айтылды.

Быйыл августта Сузактын Барпы айылына парк ачылып, ага Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы Жаныбек Ташиевдин ысымы берилген. «Жони» эс алуу багын Ташиевдердин үй-бүлөсү куруп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM