Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 1-июнунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен З.Э. аттуу жаран кармалган. Анын сумкасын текшерүү учурунда 95 грамм психотроптук каражат табылган.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда кармалган жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анда баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталган.
Бөлмөдө химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар болгон.
Андан сырткары, кармалган жаран буга чейин 347 грамм болгон психотроптук каражатты катып койгон жайды көрсөтүп берген.
Табылып алынган психотроптук каражаттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, ал 1 млн 500 миң сомдон ашык суммага бааланган.
Ошондой эле 6 идиште психотроптук каражаттарды жасоо үчүн суюк заттар табылган.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.