Connect with us

Ысык-Көлдө кытай жаранын издөө иштери уланууда

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 249 | 0

Ысык-Көл облусунда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти 22 жаштагы Кытай жараны Сай Тунду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кытай жараны 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеген эмес. Мындай маалымат 18-августта Ысык-Көл облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын кат аркылуу билдирилген.

Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук милиция кызматкерлери менен биргелекте ошол күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 22-августта аталган жаранды издөө ишине саат 05:00дө Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин жыйынтыгы боюнча алдыда кошумча маалмат берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM