Connect with us

Транспорт жана турак жай салыгын төлөөгө 10 күн калды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 286 | 0

Транспорт каражатына, турак үй, батир жана үйдүн жанындагы жер участогуна салыкты белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн 10 күн убакыт калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Буга байланыштуу, салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыны пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырды.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  • – транспорт каражатына салык,
  • – турак жай имаратына, курулмага жана жайга салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM