Connect with us

Боомдо электромобиль кубаттоочу станция курулду

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 347 | 0

«Дос-Кредобанк» Ысык-Көл облусуна караштуу Боом капчыгайында «Ак-Жол» кафесинде электр унааларын кубаттоочу станциясын ачты. Аны колдонуу бекер жана күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.

Банктын жаңы саясатына ылайык, мамлекеттин экологиясы, жашыл технологияларды кеңейтүү маселелери биринчи ордунда турат.

Статистикага таянсак, 2021-жылга чейин Бишкекте эки жүздөй электромобиль жана аларды кубаттоочу 2 станция болгон. Учурда өлкөдө электромобилдерди колдонууну жайылтуу үчүн кубаттоочу станциялардын санын көбөйтүү боюнча иштер алып барылып жатканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM