Connect with us

Ысык-Көл айланма жолун оңдой турган компания аныкталды

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 687 | 0

Ысык-Көл айланма унаа жолунун 104-184,5-чакырымдарын реконструкциялоо боюнча консультанттык компанияны тандоо иштери аяктап, PACE компаниясы утуп алды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Корумду айылынан Балбай айылына чейинки жолду реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн конкурсту PACE компаниясы утуп, ал менен келишимге кол коюлган.

Долбоор Араб координациялык тобу тарабынан 93,9 млн доллар жана Министрлер кабинети тарабынан 12,1 млн доллар бөлүнүп, каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 106 млн долларды түзөт.

Учурда насыялык макулдашууларды ратификациялоо боюнча бардык мамлекеттик ички процедуралар аяктады. Курулуш иштерине подрядчыны тандоо процедуралары жүрүп жатат.

Иштер 2023-жылдын курулуш сезонунда башталып, 2026-жылы аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM