Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 18-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Нарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.