Connect with us

Таласта мыйзамсыз жеке менчикке берилген мектептин жери кайтарылды

Кыска кабар | 10 Авг 2022 | 336 | 0

Таласта мыйзамсыз жеке менчикке берилген мектептин жери кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 0,75 га жер тилкесин 5 жаранга жеке менчикке берип жиберишкен.

Жогоруда аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органына беш доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Жыйынтыгында 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке аталган айыл өкмөттүн балансына алынып, Султаналиев атындагы орто мектебине өткөрүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM