Биз менен байланышыңыз

10-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 395 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 10-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM