Биз менен байланышыңыз

Быйыл мектептерде окуу 1-сентябрда башталат

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 1732 | 0

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин ушул жылдын 1-августундагы №425чи «Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленген.

Жалпы билим берүүчү уюмдарда, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат.

Copyright © 2017 Maral FM