Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 240 | 0

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим өлкөнүн бюджет системасындагы акчаны натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу процессин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.

Бюджеттерди аткарууну кассалык тейлөө бюджеттик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат жана бюджеттерге каражаттардын түшүү процессин уюштуруу жана аларды бөлүштүрүү менен байланышкан операцияларды эсепке алууну, Бирдиктүү казыналык эсептин акча каражаттарын оперативдүү башкарууну, ошондой эле отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM