Биз менен байланышыңыз

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы тапшырылды

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 326 | 0

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Сыйлык ыйгаруу чечими 25-апрель «Салттуу музыка» күнүнө карата чыгарылган.

Тапшыруу салтанаты кечээ, 11-майда өтүп, медалды министр Азамат Жаманкулов берди.

Бул медаль Самара Токтакунованын улуттук салтуу музыка өнөрүнө, түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошуп жаткан жигердүү салымы үчүн ыйгарылганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM