Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Алексей Ширшов тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 883 | 0

Президент Садыр Жапаров «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовдун кармалып, кайра коё берилгени тууралуу үн катты.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коёюн», — деди.

Жапаровдун айтуусуна караганда, 6-7 ай мурда Ширшов ага жардамчылары аркылуу кайрылган. Ал Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты тапканын жана аны Кыргызстанга кайтарса болорун айтып, ушул маселе боюнча кабыл алуусун өтүнгөн.

Жапаров Башкы прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине 2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун аныктоону тапшырган. Анын жыйынтыгында Ширшовго бир да кылмыш иши козголбогону жана ал издөөдө эмес экени аныкталган.

«Анда келе берсин, кабыл алам» деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек, кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.

Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде «Аврора плюс» пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга «баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла» деген тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат», — деди президент.

Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун ишинде айтылган, менчиктештирилип кеткен коттедждер менен батирлер жалаң чоңдор тарабынан талап-тонолгонун, алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар экенин айтты.

«Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой болуп, Ширшовду чет өлкөдө кармоо керек болчу же камактан чыгарбоо керек деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чоңдор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүшү керек!

Ширшовдун өзүнө тиешелүү «Дастан» корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганбыз. Бүгүнкү күндө «Дастан» корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат.

Максим чыгарып кеткен акча кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересиң. Ушундай принцип.

«Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?» — деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.

Ал эми «кийинчерээк Максим Бакиев да келет» деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди «башыңан ылдый алтын куябыз» деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес», — деди Жапаров.

Алексей Ширшов 10-майда кармалып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM