Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 7 мая 2022 | 414 | 0

Кечээ, 6-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Маектин жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле, алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги тышкы саясий байланыштарга, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жана 26-27-майда Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына анын катышуусу боюнча сааттарды тууралашты.

Мындан тышкары, министрлер 5-майда Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Төбө-Коргон аймагында Өзбекстандын чек арачылары тарабынан курал колдонулуп, анын кесепетинен Кыргызстандын үч жараны каза болгон окуяны талкуулашты.

Тараптар чек ара аймагындагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү, ошондой эле достук жана ынак коңшулуктун негизинде кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM