Connect with us

Жапаров учак кырсыгына байланыштуу Кытайдын төрагасына көңүл айтты

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 307 | 0

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Гуанси-Чжуан автономиялык районунун Учжоу шаардык округуна караштуу Тенсянь уездинин Молан айылына жакын жерде Boeing 737 учагынын кырсыкка учурашы боюнча көңүл айтты.

«Мен экипаждын жүргүнчүлөрүнүн өлүмүнө алып келген трагедиялуу учак кырсыгын терең тынчсыздануу жана оор кайгыруу менен кабыл алдым. Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшүп, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сизге жана кытай элине ушул оор учурда чыдамкайлык жана сабырдуулук каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM