Connect with us

Кыргызстандык ишкер айым лифт чыгарган завод ачты (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 2004 | 0

Чүй облусунда SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводу ишин баштады. Компаниянын президенти Рахат Жунушбаеванын айтымында, мындай деңгээлдеги завод Кыргызстанда биринчи жолу ишке киргизилип жатат.

Заводдун негизги максаты жаңы технологияны ишке киргизүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестициялык кайтарым жасоо, Made in KG бренди менен жогорку технологиялык өндүрүмдү дүйнөлүк рынокко чыгаруу, атаандаштыкка туруштук берип, дүйнөлүк базардан өз ордун табуу болуп саналат.

«Учурда жалпы аянты 1200 чарчы метрди түзгөн заводдун курулушунун биринчи этабы аяктады. Ошондой эле жакын арада экинчи этаптын – аянты 1500 чарчы метр өндүрүштүк цехтин курулушун баштоо пландалууда», — деген Жунушбаева.

Завод негизинен лифт чыгарат. Андан тышкары 2029-жылга чейин өндүрүштү кеңейтип, металлдан бардык буюмдары өндүрүү пландалып жатканы кабарланды.

Заводдун технологиясы Кыргызстан, Түштүк Корея, Кытай адистери менен биргеликте иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM