Евробиримдиктин аба мейкиндиги Орусиядан келген жүргүнчүлөр үчүн да, жеке учактар үчүн да жабылат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен билдиргенин «РИА Новости» жазды.
«Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин орустар үчүн жаап жатабыз: биз Орусияга таандык, катталган жана көзөмөлдөнгөн бардык учактарга тыюу салууну сунуштап жатабыз. Бул учактар мындан ары Евробиримдиктин аймагына коно албайт жана уча албайт», — деди ал.
Буга чейин «Ростуризм» Орусия менен аба каттамдары жабылган өлкөлөрдө калган орусиялык эс алуучуларга чет элдик жардамчы тиркемесине катталууга кеңеш берген.
Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.