Connect with us

Зеленский согушту токтотуп калууга салым кошууну суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 3091 | 0

Бүгүн, 26-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусун жасады. Ал Орусиянын аскерлери ракеталарды, учкучсуз учактарды, танктарды, артиллерияны, техникаларды колдонуу менен Украинанын бардык аймагында чабуулун дагы деле улантып жатканын айтты.

«Баскынчылар калк жашаган турак жайларга да кол салып жатышат. Аларды реактивдүү артиллериялык куралдар менен аткылашууда. Энергетикалык объектилерди жок кылууну көздөшүүдө. Алар өтө карасанатай тактиканы карманышууда. Талкаланган үйлөр согушту токтотуу үчүн чогуу күрөшүүгө жүйө болуп берер», — деди ал.

Украина лидери дүйнөнү согушту токтотуп калууга салым кошуусун суранды. Ошондой эле орус тилинде кайрылып, Орусия жарандарын президент Владимир Путинге таасир этүүгө үндөдү.

Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда.

Бүгүн, 26-февралда Украинанын cаламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко «Фейсбуктагы» баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза тапканын, алардын үчөө балдар экенин жазган.

Андан тышкары 1115 адам жарадар болгонун, алардын 33ү балдар экенин кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM