Connect with us

Ляшко: Украинада 198 адам каза тапты, алардын үчөө наристе

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 239 | 0

Бүгүн, 26-февралда Украинанын cаламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко «Фейсбуктагы» баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза тапканын, алардын үчөө балдар экенин жазды.

Андан тышкары 1115 адам жарадар болгонун, алардын 33ү балдар экенин кабарлады.

Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путиндин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда. Киевде турак үйлөргө ракеталык чабуулдар болууда.

Ал эми бүгүн, 26-февралдын таңында Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө жакыны туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айткан. Бирок Орусия тарап бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин президент Владимир Зеленский согуш башталган алгачкы күндө 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM