Connect with us

Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үздү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 196 | 0

Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн өлкө президенти Владимир Зеленский кабарлады.

Ал оор жоготуулар болгонун айтып, бардык жарандарды өлкөсүн коргоого чакырды.

«Орусия экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия кандай чабуул жасаса, ошондой чабуул жасады», — деп билдирди Зеленский.

Ал орусиялыктарды Украина менен согушка каршы митингге чыгууга үндөдү.

«Бул маалымат сиздердин телеканалдарда такыр көрсөтүлбөй турганын билем. Социалдык түйүндөрдө көп нерселер жабылган, бул — жамандыкты чакыруу, улутту жок кылуу аракети. Тарыхты жоюу мүмкүн эмес», — деди ал.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өтөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM