Connect with us

Украина-Орусия: Эрдоган Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 1882 | 0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн коопсуздук боюнча түзүмүнүн чукул жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Sabah басылмасы жазды.

Президенттик сарайда өтүп жаткан жыйында Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка баа берилет жана андан кийин Эрдоган билдирүү жасайт.

Буга чейин Эрдоган Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда ал Путинди дипломатияга чакырып, согуш эч кимге пайда алып келбей турганын айткан.

Ал эми Владимир Зеленский менен жолугушуусунда Украинаны колдой турганын билдирген.

24-февралда таңга жуук Украинанын бир катар шаарларында Орусия тараптан аскердик кол салуу болду. Учурда ЖМКлар жардыруу жана аткылоо болгон аймактардан видео, сүрөттөрдү жарыялап жатышат.

Бир катар мамлекеттердин башчылары, БУУнун баш катчысы Орусия лидери Путинди аскердик кол салууну токтотууга чакырык жасады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM