Connect with us

«Алтынды көргөндө периште жолдон чыккан, кыргыз президенттеринин катасы «Кумтөр» болду»

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 632 | 0

Эгер «Кумтөр» болбогондо кыргыздын президенттеринин тагдыры мындай болмок эмес. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйында айтты.

«Мурунку президент Аскар Акаевдин жакын туугандары 2003-жылы түзүлгөн келишимге аралашканы сотто каралып жатат. Аскар Акаев өзү келип, муну мойнуна алганы үчүн балким азыр «Центерра» менен сүйлөшүүлөр жылып жаткандыр. Мен «Кумтөрдөгү» механизмдердин баарын билгеним үчүн, Садыр Нургожоевич мага ишенип комиссиянын башына чакырды. Мен «Кумтөрдү» өзүбүзгө алуу үчүн бардык механизмдерин билем. Муну кайтарууга саясий эрк гана керек. Ал жагынан Садыр Нургожоевич болгон аракетин жумшап жатат. Мына, Камчыбек Кыдыршаевич ортодогу «крышаларды» алып салган үчүн, бюджетке 31 млрд сом ашыкча түштү», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле «Алтынды көргөндө периште жолдон чыккан, биздин президенттердин да катасы «Кумтөр» болду. Бул — алардын трагедиясы», — деп кошумчалап өттү.

Мындан сырткары Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды өлкөдөн чыгарбай, ички рынокто сатыла турганын белгилеп, ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө «алтын туяк» болбосо да, алтын тыйын алып койсо болорун айтты. Тагыраак айтканда, баасы 1000 долларды чапчыган алтын тыйын коллекциясы сатыкка чыкканын айтып өттү.

Жапаров: Чакан атомдук электр станцияларын куруу кыялыбыз бар

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM