Connect with us

Энергетикага инвестиция салгандар 15 жыл салыктан бошотулат

Экономика | 10 Фев 2022 | 1144 | 0

Бүгүн Бишкекте «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору» улуттук форуму өттү. Форумдун максаты: мамлекет менен энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында иш алып барган бизнесмендердин тыгыз диалогун түзүү. Министрлер кабинети энергетика тармагына инвестиция салуучу ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бошотту. Аны менен катар Кыргызстан ушу күндөрү Түркиянын жашыл энергияны өнүктүрүү ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Жаңы салык кодексине ылайык, энергетикага каржы салган ишкерлер 15 жылга чейин салыктан бошотулат. Бул аракеттер инвесторлордун келишине шарт түзүү, жашыл энергетикага чукул арада өтүү үчүн жасалып жатканын айтат Министрлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров.

«Инвесторлор келип кура турган болсо, биз алардан электр энергияны сатып алалы деп жатабыз. Ошону сатып алганда да сом менен сатып албай, инвесторлордун кредити доллар менен болсо, анда биз доллар менен сатып алганга даярбыз деп, валюталык тобокелчиликти Кыргыз Өкмөтү өз мойнуна алып жатат. Мындай шарттар бир да жерде болгон эмес. Биз ошол шарттарды турмушубузга ашырып жатабыз. Жаныбызда Өзбекстан Азия өнүктүрүү банкы менен чогуу атайын фонд түзгөн экен, биз да ошондой фонд түзүп жатабыз. Бүт ВИА менен курулган, анын алкагында чыккан электр энергиянын баарын өкмөт өзү сатып алат деп жатабыз. Мына ошондой шарттардын баарын түзүп берип жатабыз».   

Аны менен катар Акылбек Жапаров жакынкы эки-үч жылда Кыргызстан толук энергетикалык коопсуздукка жетерин кошумчалады.

Форумга эл аралык эксперттер жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында иш алып барган жергиликтүү ишкерлер катышты.

«Сателлит-2005» компаниясы Кыргызстанга 3 чакан ГЭС курган. Бирок компания 2016-жылы курулган ГЭСтерин соңку мезгилге чейин линияга кошуп, электр энергиясын сата алган эмес. Сатуу мүмкүнчүлүгү ага 2021-жылы гана берилген. Компаниянын төрагасы Адылбек Мирзаматов энергетика жаатында жакшы жылыштар болуп жатканын белгиледи.

«Форум өз учурунда өтө жакшы өтүп жатат. Туура жолдо кетип жатат деп эсептейм. Себеби Кыргызстан бир да товарын базарда сата албайт. Өндүрүп алып сата албайт. А электр энергиясына эки-үч жылдап товарга күнүгө кардар бар. Эмнеге өндүрүүнү токтотуп жатышат, мен башта түшүнбөйт элем. Азыр Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровдун кылып жаткан иштеринен ошону түшүндү окшойт деп ойлоп жатам. Негизи, өндүргөн товар эмес, саткан товар баалуу. Ошон үчүн сатып ала турган товар өндүрүүнү тезирээк колго алуу бүгүнкү бийликтегилер жана Кыргызстан үчүн чоң жеңиш деп ойлойм».

Соңку убакта дүйнө жүзү глобалдык климаттык прцесстерге байланыштуу жашыл энергияга багыт алууда. Мисалы, Түркия электр энергиянын ушул багытына артыкчылык берүүдө. Тактап айтканда, өлкөнүн жалпы энергетикасынын 10%ын жашыл энергетика: Күндүн, шамалдын күчү менен чыккан энергия кубаты камсыздайт. Кыргызстан Түркиянын жашыл энергияны өнүктүрүү ассоциациясы менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Инвестиция министри  Нурадил Баясов министрликтин жашыл энергияны өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан иштери менен бөлүштү.

«Чакан ГЭСтер боюнча 18, Күн энергиясы боюнча 4 долбоорду сунуштап жатабыз. Ошол эле учурда шамал энергиясынан ала турган долбоорлорубуз бар. Алар Шамалды-Сай, Алай, Балыкчы аймактарында деп өз сунуштарыбызды берип жатабыз. Эл аралык тажрыйбага ылайык, биз да энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча картаны чийип карап көрдүк. Ал картадан Кыргызстандын потенциалын жана келечекте колдонула турган жерлерин аныктап бердик».

Өткөн жылы энергетика тармагына бюджеттен 3,4 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган. Жыл башында электр энергияны импорттоого бюджеттен 1,2 миллиард сом бөлүнгөн.

Учурда өлкөдө жаңы ГЭСтерди куруу, анын ичинде Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын орнотуу жана 458 миллион долларга бааланган Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи этабын куруп баштоо боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM