Connect with us

Казакстан: бийлик суюлтулган газдын баасы арзандабай турганын билдирди

Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 900 | 0

Казак бийлиги Мангистау облусундагы Жаныозен жана Атырау шаарларында нааразычылыкка чыккан жарандарга расмий жооп берди.

Анда өлкөдө газга болгон баа өсүп жатканы айтылып, бааны арзандатуу мүмкүн эмес деп айтылат. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министрлиги жана облустук бийлик өкүлдөрү билдирүү таратты.

«Учурда биржада бир литр газ 70-85 теңгени түзөт. Бул аны ташуу үчүн операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. 60 теңгелик мурунку бааны кайтаруу мүмкүн эмес» — деп кошумчалаган.

Казакстанда 2-январь кечинде Актау жана Жанаозен шаарларында нааразычылык акциясы болуп, анда авто унаа ээлери суюлтулган газдын баасынын өскөнүнө каршы чыгышкан. Бул шаарда коомдук транспорт дээрлик баары суюлтулган газ менен жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM