Бүгүн, 17-декабрда саат 14:00дө Биринчи Май райондук соту Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовду 2022-жылдын 14-январына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды.
Былтыр октябрда болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «курал-жарак уурдоо же опузалап алуу», «бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.
Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. Учурда СИЗО-1де кармалууда.
Молдокматов өзүн күнөөсүз деп атап, «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептейт. Ал камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракетин катуу сынга алып келген.
Молдокматовдун тарапташтары жаңы Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси баарына бирдей иштөөсүн талап кылышууда.