Connect with us

Жакында Бишкекте «Сары-Өзөн 2021» жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 8 Ноя 2021 | 445 | 0

Соода-өнөр жай палатасы жыл сайынкы «Бишкек Сары-Өзөн 2021» универсалдуу көргөзмө жарманкесин ачууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Бишкекте 10-ноябрдан 21-ноябрга чейин «Аю Гранд» соода борборунда өтөт. Жарманкеде меймандар ар кандай тармактар боюнча ата мекендик ишканалардын өндүрүшү менен таанышып, товарларды базар баасынан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Көргөзмөнүн ачылышына премьер-министр А.Жапаровдун, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиевдин, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Тентишевдин, ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Белоруссия, Индия, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM