Бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунда Тажикстандан мыйзамсыз жүзүм ташып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Баткен районунда чек арачылар 2 автоунааны текшерүү үчүн токтотуп, аларда 6 тонна жүзүм аныкталган.
Алдын ала эсеп боюнча мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүзүмдүн баасы 450 миң сомду түзгөн.