Connect with us

Кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмасы иштелип чыкты

Билим-маданият , Коом | 22 Сен 2021 | 3032 | 0

Кыргыз тилин үйрөтүү максатында «Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!» автордук долбоору иштелип чыкты. Бул үчүн билим берүүнүн жаңы усулдары колдонулат. Бул ыкма Кыргызстанда жашап жаткан бардык улуттардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатын көздөп, аларга кыргыз тили жөнөкөй, жеңил жана турмуштук окуяларды чагылдырган чакан сюжеттер аркылуу окутулат.

Кыргыз тилин жайылтуу максатын көздөгөн бир топ долбоор буга чейин иштеп келген. Бирок тилчилер мамлекеттик тилди үйрөтүүдө эски ыкмалар гана колдонулуп келе жатканын айтышат. Ал эми «Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!» долбоору заман талабына ылайык, жаңы форматта ишке киргени турат. Демилге Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 32 жылдыгына арналган.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиеванын айтымында, аталган долбоор аркылуу мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсү кеңейет.

«Президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында, ошондой эле жаштардын, коомчулуктун көз карашын жакшы нукка буруу максатында «Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!» долбоорун баштадык. Буга чейин Сократ чечендик мектебинин негиздөөчүсү Ирина Тарасова Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана КТРКнын жетекчилиги менен биргеликте аталган долбоорду ишке ашырып келген. Биз аны кайра жаңы форматта жандандырып жатабыз. Азыркы учурда социалдык тармактарда сабатсыз эле эмес, жагымсыз окуялар да орун алып жаткан кез. Ошол көйгөйдүн алдын алуу максатында жаштар көп отурган социалдык түйүндөрдө сабаттуулукка үндөйбүз. Жалпы кыргызстандыктарга, өзгөчө жаштарга жана башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин жеңил үйрөтүү үчүн бул долбоор алдыга жылганы турат».

Долбоордун автору — Ирина Тарасова. Ал «Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!» демилгеси аркылуу тилди жеңил үйрөнүүгө мүмкүн экенин айтат. Ал бул үчүн кандай форматтагы ыкмалар иштелип чыкканын түшүндүрдү.

«Кыргыз тилин үйрөтүү үчүн атайын жаңы ыкмаларды издеп баштадык. Бул демилге өлкөбүздүн ар бир патриот жаранын кайдыгер калтырбайт, мекенчил сезимин ойготот деген ойдобуз. Кыргыз тилин үйрөтүүнү социалдык тармактар аркылуу ишке ашырууда жашына, тил билүү деңгээлине, улутуна эч кандай чектөө коюлбайт. Аларды бул долбоорго тартуу керек. Биз сабак өтүүнү кичинекей топтордон баштайбыз. Мындан сырткары онлайн форматта да топторду сабакка кошобуз. Бул ыкмалар менен эле токтоп калбастан, мындан ары да издене беребиз. «Видео аркылуу өтүлгөн сабактар да жакшы жыйынтыкка алып келет» деген ишеничтебиз».

Окуу-маалыматтык, котормо борборунун директору Айнура Исманкулова жалпы окуу процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди.

«Убактыбыз тар, китептерибиз жетишсиз же мугалимдин методикасы начар» деген көйгөйлөрдүн баарын эске алуу менен бул долбоорду иштеп чыктык. Тилди үйрөнүү оңой, кайсы жерде болбосун, телефон аркылуу үйрөнсө болот. Бул үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Элди кызыктыруу үчүн коомго белгилүү инсандардын катышуусунда үй-бүлөдө, көчөдө кыргыз тилинде сүйлөшүүлөр боюнча роликтер тартылууда. Эгерде сунуштар болсо, анда долбоорго кошууга даярбыз. Сабак 20-25 мүнөткө созулат. Сабакка катышкан адам кайсы багытта окуй турганын өзү тандайт. Мисалы, оозеки сүйлөшүү, көнүгүүлөрдү аткаруу же туура жазууну үйрөнгүсү келеби, бул үчүн жекече программа иштеп чыгып, ошонун негизинде сабактар өтүлүп баштайт».

Бул долбоорго кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандардын баары катыша алат. Окууну аяктаган ар бир бүтүрүүчүгө атайын тастыктама (сертификат) берилет. Айта кете турган жагдай, окутуу акысыз жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM