Эл аралык мамилелерде эч нерсе кокустуктан болбойт. Чек ара маселесинде жооптуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзбекстанга бара албай калышында бир мандем бар. Мындай пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Ташиев чек арага жооптуу киши катары Өзбекстанга барышы керек болчу. Делегациянын курамына кириши керек эле.
Исаков мындан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандын калкы көп, жери тар экенин, андыктан Кыргызстанда эксклавда калган жерлеринен коридор сурап жатканын, бирок кыргыз тарап бекем турушу керектигин белгиледи.
«Биздин рычагдарыбыз көп, коридор берүү азырынча туура эмес. Кыргызстанда саясий кризис уланууда. Мындай учурда мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүлө турган маселелерди токтотуп туруу зарыл. Өзбекстан, Тажикстанга ижарага берилген жерлерди кыргыз тарап талап кылышы керек. Чек ара маселесинде 1991-жылкы картага таянуу зарыл», — дейт Исаков.
Ал кошумчалагандай, кыргыз тарап ГЭСтерди өзү курушу керек. Бул жагынан Тажикстандан сабак алса болот.