Connect with us

ӨКМ: Пандемияда дезинфекциялоо жана тамак-аш менен камсыздоого 238 млн сом коротулду

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 386 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынында 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берилди.

Отчетто пандемия учурунда ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери, бейтаптар, медиктер, ИИМ кызматкерлерин тамак-аш менен камсыздоо иштерине 238 млн 107,8 миң сом коротулган.

Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана куткаруу иш-чараларына 2020-жылы 68 млн 923 миң сом акча каражаты сарпталган.

Ошондой эле жыйында өрттүн саны күн санап өсүп жатканы, техника жаңыланбаса, бул көрсөткүчтөр кейиштүү абалга алып келери баса белгиленди.

2020-жылы Кыргызстанда 2778 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 578 450 837 сом материалдык чыгым келтирилген. Мындан улам, өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштерин күчөтүү тапшырмалары берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM