Тажикстан Кыргызстан тарап менен чек араны тактоодо тоготпостук мамиле кылууда. Мындай пикирин президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев бүгүн дебат учурунда айтып өттү.
«Тажикстандын Согди облусунун ИИМ башчысы «Баткен Тажикстандын жери» — деп айтса, аны биздин бир чиновник менин досум деп жүрөт. Ошол эле Ворухтагы тажиктердин кримтөбөлү «Шох» учурда тажик бийлиги тарабынан чек араны көзөмөлдөө үчүн коюлган. Алардын саясаты ушундай. А бизде болсо криминал өз элин тоноп, коркутуп жүрөт», — деп билдирди Иманалиев.
Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын президентине талапкерлердин теледебаты башталды. Ал КТРК аркылуу көрсөтүлүүдө.
Бүгүн кечки саат 20:00дөн 22:30га чейин талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев дебатка чыгууда.