Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Бишкекте сасык тумоо оорулары аз катталды. Былтыр 51 миң 684 бейтап катталса, быйыл 43 миң 750 бейтап катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Жыпара Ашакеева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын баамында, учурда илдеттен сактануу талаптары такыр аткарылбай жатат. Кайдыгерликке салып коюшууда. Жадагалса, ири соода дүкөндөрдө, коомдук транспортто беткапсыз жүргөндөр арбын.
«Оорудан сактанунун бир нече жолдору бар: беткап кийүү, санитайзерлер менен колду тазалап туруу, таза абага көбүрөөк чыгуу, бөлмөлөрдү желдетип туруу жана туура тамактануу. Оорудан сактануу үчүн беткаптарды 3-4 саатта алмаштырып туруу керек», — дейт Ашакеева.
Ал мындан сырткары калаада тойлор көп болуп, санитардык талаптар сакталбай жатканын сынга алды.
Маалыматка ылайык, 14 жашка чейинки куракта коронавирус менен жабыркаган балдардын саны 489, ал эми сасык тумоо менен ооруган учур 2 миң 339га чейин жетти.