Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Ал бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Ал коррупция боюнча айыпталып жатат.
УКМК Матраимов мамлекетке келтирилген 2 млрд сомдук чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин, анын 80 млн сому бүгүн мамлекеттик казынага түшкөнүн кабарлаган.
Ошондой эле, сотто анын тергөө менен кызматташканы эске алынат.