Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков саясий кырдаалга байланыштуу Путин менен бир канча жолу сүйлөшкөн

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 1151 | 0

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тарта президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Орусия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап, абалды жөнгө салуу боюнча жардамын сунуштаган.

«Кыргызстан менен Орусия — союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ, ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Орусия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Ал жолугушууга Садыр Жапаров да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM