Италиялык композитор Эннио Морриконе 91 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Морриконе дүйшөмбү күнү кечинде Римдеги клиникалардын биринде кулоонун кесепетинен көз жумгандыгын Италиянын маалымат каражаттары жазды. Ал мурун жамбаш сөөгү сынып, ооруканага жаткырылган.
2007-жылы Морриконе киного кошкон салымы үчүн «Оскар» сыйлыгын, 2016-жылы «Омерзительной восьмерке» киносуна жазган саундтрек үчүн «Оскар» сыйлыгын алган.