“РСК Банктын” коронавируска чалдыккан кызматкерлери кардарлар менен контактта болгон эмес. Бул тууралуу банктын башкармалыгы бүгүн расмий сайтына жарыялаган комментарийинде айтылат.
Комментарийде банк 2 кызматкери илдетке кабылганын моюндап, алардын бири айыгып чыкканын билдирди.
— Коронавирус жуктургандардын бири Бишкек шаарында, ал ооруну үйдөн иштеп жатып жугузган жана дарыланып чыкты. Экинчиси Чаткал районундагы филиалынын кызматкери, ал азыр Каныш-Кыя шаарында дарыланууда. Банк кадимки тартипте иштеп жатат, — деп айтылат комментарийде.
Бүгүн, 8-майда, Өкмөттө брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “РСК Банктын” эки кызматкеринен коронавирус табылганын билдирген.
Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.
Коронавирус апаатына карата бир катар аймактарда өзгөчө абал режими киргизилип, көпчүлүк мекеме-ишканалар ишин убактылуу токтоткон. Бирок банктар иш мөөнөтүн кыскартып иштеп, жабылган эмес.