23-апрелден 24-апрелге караган түнү республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 106 киши бузуп, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Кармалгандардын ичинен:
- Бишкек шаарында – 88;
- Жалал-Абад шаарында — 2;
- Ош шаарында — 5;
- Нарын шаары — 1;
- Ат-Башы району боюнча -5;
- Сузак районунда — 3;
- Кара-Суу районунда – 2 адам.
Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган эмес.
Эске салсак, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.
Өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин 3361 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, коменданттык саат аяктаганда коё берилген.