Казастанда коронавирус менен катталып ооруканада эмделип жаткан 15 адам толугу менен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлады.
Маалыматка караганда, айыккандардын 13ү Нур-Султанда, экөөсү Алматыда.
Бүгүнкү күндө Казакстанда жалпы 204 адам COVID-19 вирусу менен катталган. Буга чейин 1 адам коронавирустан каза болгон.
Кошумчалай кетсек, кошуна өлкөдө коронавирус боюнча алгачкы жагдай 13-мартта катталган. 16-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланып, анын 15-апрелге чейин созулары айтылган.
30-марттан тарта Нур-Султан жана Алматы шаарларында автобус каттамдары токтотулмакчы.