Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген баасы 2 754 000 сом болгон оргтехниканы кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы Жаштык айылында “Х.Н.Ш” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 млн 754 миң сомдук төмөнкү оргтехникалар жана эл керектөөчү товарлар табылган.
- “ACER” маркасындагы ноутбук — 90 штук;
- “Lenovo” маркасындагы ноутбук — 8 штук,;
- “HP” маркасындагы ноутбук — 20 штук;
- Баш кийим – “AMERICANSTYLE AFNY” маркасындагы баш кийим — 1 000 штук.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.