Бүгүн, 28-январда «Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунан башка бирөөнүн паспорту менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 1997-жылы туулган А.Б. к. кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек-Стамбул багыты боюнча каттоодон өтүүгө аракет кылган жарандын паспорту өзүнө эмес, бир тууганына таандык экени аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.